Ош шаарынын төрөт үйүндө иштеген 14 медицина кызматкеринен коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев онлайн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 13-майда Ош шаардык төрөт стационарында COVID-19 инфекциясы катталган. Буга байланыштуу төрөткана карантинге жабылган. Ошол жакта иштеген 882 кызматкерден ПЦР-анализ алынган. Анын жыйынтыгында 14 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Учурда вирус аныкталгандар дагы, анализи таза чыккандары дагы көзөмөлдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ