Menu

Сокулукта 44 жаштагы эркек каза болгон атасынын сөөгүн темир челекке салып өрттөп жиберген

Бөлүшүү:

Сокулук районунда 44 жаштагы жаран атасынын сөөгүн темир челекке салып өрттөп салган. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматтар боюнча, 20-майда Сарбан айылындагы үйлөрдүн биринин короосунан, милициянын участкалык кызматкери адамдын күйүп калган сөөгүн тапкан.

“Сарбан айылындагы үйлөрдүн биринин короосунан 73 жаштагы Т.В.нын күйүп калган сөөгү табылган. Аталган факт КР Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Маркумдун уулу 44 жаштагы Т.Ы. сурак учурунда, бир ай мурун анын атасы капысынан инфаркттан улам каза болгонун айткан. Ал атасынын өлгөндүгүн тиешелүү органдарга билдирбей, сөөктү темир челекке салып, өрттөп салууну чечкен” – деп айтылат маалыматта.

Учурда ал кишинин өлүмүнүн так себебин аныктоо үчүн бардык зарыл экспертизалар дайындалды. Маркумдун уулу убактылуу кармоочу жайга камалды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: