Menu

Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү мекемесинин 12 соттолуучусуна паспорт берилди

Бөлүшүү:

2019-жылдын 27-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан соттолгондорго жана тергөө изоляторлорунда кылмышка шектүү жана айыпталуучу катары кармалып жаткан адамдарга Кыргыз Республикасынын 2017-жыл үлгүсүндөгү улуттук паспортун берүү үчүн документтерди кабыл алуу Регламентин бекитүү жөнүндө” № 716 токтомунун негизинде, учурда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү мекемелеринде соттолгондорго паспорт берүү өнөктүгү улантылып жатат. Бул тууралу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирет.

23-май күнү, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү мекемесинин администрациясы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Аламүдүн райондук калкты каттоо жана паспорт берүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте он эки соттолгонго паспорт беришти.

Маалымат ирээтинде белгилей кетсек Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү мекемелеринде 1500 ашуун соттолгон паспортко муктаж болсо, паспорт алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын райондук калкты каттоо жана паспорт берүү бөлүмдөрүнө 800 дөн ашуун соттолгондун материалдары жөнөтүлүп, бүгүнкү күндө анын 94 соттолгон паспорт менен камсыз болду. Мындан сырткары түзөтүү мекемелеринин социалдык кызматкерлери тарабынан сот жана тергөө органдарына суроо каттар жөнөтүлүп, соттолгондордун жоголуп кеткен паспортторунун 80 даанасы кайтарылып, соттолгондордун өздүк иштерине тиркелди.

Паспорт менен камсыз кылуу – бул соттолгондорду түзөтүү мекемелеринин өндүрүшүнө жумушка орноштуруу, аларга социалдык жөлөк пулдарды төлөп берүү, никеге туруу жана пенсиялык камсыз кылуу, ошондой эле камак жайынан бошонуп чыккандай кийинки убакытта ар кандай социалдык көйгөйлөрдү чечүү жана жумушка орношуу маселелеринде чоң өбөлгө түзөт.

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: