Бүгүн, 28-майда КРнын Жогорку Кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Анда депутат Кубанычбек Нурматов Нарында контейнерде билим алган окуучулар боюнча маселени көтөрдү.
“Нарында контейнерде билим алып жаткан окуучулар. Быйыл мектептин акчасына каражат бөлүп, бүтүрүп койсоңор жакшы болот эле. Себеби азыркы күндө балдар Маданият үйүндө билим алышууда. Ушуга көңүл бөлүп, көзөмөлгө алыңыздар. Мындан тышкары, Кыргызстан саясий партиясы Ошто облустук ооруканада көчмөн жыйын өткөргөнбүз. Облустук оорукана азыркы учурда авариялык абалда турат”, – деди Нурматов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ