Menu

Депутат Кубанычбек Жумалиев экс-депутат Текебаевдин адвокаты, “Чоң казатчы” Канат Хасановго каршы милицияга арыз жазды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев “Чоң казат” кыймылынын лидерлеринин бири Канат Хасановго каршы арыз жазды. Бул тууралуу депутаттын адвокаты Бактыбек Жумашев журналисттерге билдирди.

Анын айтымы боюнча, Кубанычбек Жумалиев ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиевдин атына арыз жазган.

“Депутат Канат Хасановду жоопко тартууну суранат. Канат Хасанов 26-майда Жумалиев Ленин райондук сотунун төрагасына 100 миң доллар пара сунуштады деген маалымат жарыяланган. Антип ал депутатты далилсиз оор кылмыш жасады деп айыптады. Хасановдун аракеттери “кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо” беренесине туура келет” – дейт адвокат.

https://www.facebook.com/kanat.hasanov.7/posts/949675395483406

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: