Menu

1-июндап баштап өлкөдө, анын ичинде Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон ачылат

Бөлүшүү:

“1-июндан баштап Кыргызстан боюнча туристтик субъектилердин бардыгы өз ишмердүүлүгүн баштайт. Алар: пансионаттар, эс алуучу жайлар, парктар, пляждар жана туризм секторуна тиешелүү болгон бардык субъектилер ишин жандантат” – деп билдирди бүгүн, 29-майда Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов өкмөттүк онлайн брифингде.

Анын айтымы боюнча, учурдагы кырдаалга байланыштуу санитардык нормалар күчөтүлгөн режимде болот.

Балыкчыдагы өткөрүү пунктунан өтүү маселеси көпчүлүктү тынчсыздандырат. Ал жерде эч кандай тоскоолдук болбойт. Каалаган турист, каалаган эс алуучу туристтик жайга бара алат. Бирок ошол эле учурда, Балыкчыдагы өткөрүү пунктунан өтүп жатканда эс алууга келген адамдын дене табы текшерилип, атайын каттоодон өтөт. Андан кийин эч толкоолдуксуз Ысык-Көлгө барып, эс алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт” – деп билдирди Азамат Жаманкулов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: