Бүгүн, 1-июнга карата Кыргызстанда дагы 69 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 21, Чүй облусунан – 6, Нарын облусунан – 14, Ош облусунан – 1, Ош шаарынан – 9 жана чет жактан келген жарандардан 18 учур катталды.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 1817ге жетти. Алардын ичинен:
– Жалал-Абад облусунда — 162 адам;
– Ош облусунда — 219 адам;
– Ош шаарында — 191 адам;
– Бишкек шаарында— 457 адам;
– Нарын облусунда — 372 адам;
– Чүй облусунда — 133 адам,
– Баткен облусунда — 29 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 14 адам.
– Чет өлкөлөрдөн келген жарандар – 240
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ