Кочкор районундагы Кубакы ашуусунда 2 унаа сүзүшүп, анын кесепетинен адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда журналисттерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 31-майдан 1-июнга караган түнү саат 00:15 чамасында 2 унаа кагылышкан. Натыйжада 1 адам көз жумган.
“Мерседес-Бенц S 211” жана “Тойота Хайлендер” унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен бир аял каза болуп, 5 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Куткаруучулар маркумдун сөөгүн чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Каза болгон жаран Бишкек шаарынын тургуну экени белгилүү болду, ал 1974-жылы туулган”,- деп билдиришти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ