Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат. Анда депутат Максат Сабиров медицина тармагында, дарыканаларда бизнес жүрүп жатканы билдирди.
“Медицина тармагында, дарыканаларда бизнес жүрдү. 40 сомдон турган хлорду 280 сомдон сатышты. 10 сомдон турган бет кап 50 сомго чыкты. Булардын баарын анализдеп, мыйзамды карап чыгышыбыз керек” – деп билдирди Сабиров.
Ошондой эле депутут Закир Шарапов Сабировдун айткандарын колдой турганын жана сырттан келген дары-дармектерди экспертизадан өткөрүп, андан кийин колдонууга бериш керек экенин баса белгилеп өттү.
“Мен дагы Максат Сабировдун айткандарын колдойм. Биз сырттан келген дары-дармектерди экспертизадан өткөрүп, андан кийин колдонууга беришибиз керек. Элдин саламаттыгын ойлошубуз керек” – деп билдирди депутат Закир Шарапов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ