Menu

Видео – Жалал-Абадда диний-экстремисттик агымдардын 500дөн ашуун мүчөлөрү каттоодо турат

Бөлүшүү:

Ноокен РИИБдин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) профилактикалык каттоосунда 2005-жылдан бери “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик партиясынын активдүү мүчөсү катарында турган, Ноокен районунун тургуну 1982-ж.т. З.К. бул уюмдан баш тарткандыгын билдирген. Ал мындай кадамга Ноокен РИИБдин жана УКМКнын Ноокен райондук бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иштеринен соң баргандыгын айткан. Ошондой эле аталган диний экстремисттик партиянын идеологиялары жана жүргүзүп жаткан ишмердүүлүктөрү туура эместигин, бул боюнча мыйзамдын негизинде жоопкерчилик каралгандыгын эске алуу менен  “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунан чыккандыгын ачык айтып, кайрылуу жасаган. Ошону менен бирге ал жарандарды экстремисттик багыттагы уюмдун идеологиясынан сак болууга жана катышпоого чакырган.

Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАКнын каттоосунда ар кандай диний экстремисттик агымдардын мүчөлөрү катары 500дөн ашуун адам турат. Жыл башынан бери түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 20дан ашуун атуул бул агымдардан баш тартышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: