Menu

УКМК: Айэркен Саймаити “Азаттыктын” журналисттерин жалдап, аларга 100 миң доллар төлөп берген

Бөлүшүү:

Кытай ишкери Айэркен Саймаити “Азаттыктын” журналисттерин жалдап, аларга 100 миң доллар төлөп берген. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда УКМКнын өкүлү Сагынбек Самидин уулу Жогорку Кеңештеги Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын отурумунда билдирди.

Анын айтымы боюнча, Саймаити “Азаттык” радиосунун журналисттерин жалдап, аларга 100 миң доллар төлөп бергендигин тастыктаган фактылар бар.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, мындай фактылар эки күбөдөн алынган.

Айеркен Саймаити 2011-жылы Кыргызстанга келип Кара-Суу базарында иш жүргүзгөн. Ал жерде ал соода-сатык менен алектенип, ошол эле учурда жергиликтүү ишкерлердин акчасын которуу менен алектенип жүрөт. Кийинчерээк ал Хабибулла Абдукадыр менен жолугуп, аны менен иштей баштаган. 2016-2017-жылдары алар акчага байланыштуу жаңжалдашкан. 2017-жылдын май айында Абдукадырдын өкүлдөрү Саймаити менен жолугуп, беш жыл бою 3 миллион доллардан ашык карызы бар экендигин айтып, карызды төлөп берүүнү талап кылган. Саймаити тескерисинче, ага Хабибулла Абдукадыр 830 миң доллар карыз экендигин билдирген. Ушунун негизинде алардын чатагы күчөдү. Абдукадырдын өкүлдөрү милицияга арыз жазган. Оштогу Саймаити Бишкекке, ал жерден Казакстанга, андан кийин Түркияга кеткен, ал жактан да Абдукадыр менен тирешүү уланган. Бул тууралуу суракка алынган күбөлөр айтышты: Саймаитини билген адамдар муну тастыкташты. Бир нече күбөлөр Саймаити Абдукадырдан акчасын ар кандай жолдор менен өндүрүп алууга аракет кылганын айткан. Алардын бири – журналисттер аркылуу Абдукадырга кысым көрсөтүп, акчасын кайтарып алуу. Ал ар кандай журналисттерге кайрылган. Күбөлөрдүн айтымында, ал “Азаттыктын” кабарчыларына да кайрылып, маалымат бере баштаган. Саймаити карызын жарым-жартылай өндүргөндөн кийин журналисттерге акча каражатын берген. Ушундай көрсөтмөлөр берилди. Ал жылдары Саймаити милицияга арыз менен кайрылган эмес, ошондуктан иш козголгон эмес. Биз окуяны толугу менен иликтөөгө аракет кылдык, бирок күбөлөрдүн көпчүлүгү өлкөдөн чыгып кеткен. Айэркен Саймаитинин өзү өлтүрүлгөн, ал эми Абдукадыр Кыргызстандын чегинен тышкары чыгып кеткен”, – деп билдирди УКМКнын өкүлү.

Эске сала кетсек, эл аралык издөөдө жүргөн жеке ишкер Айэркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы отелдин багында отурган жеринен атып кетишкен. Каза болгон жеринде анын Range Rover үлгүсүндөгү машинасы табылып, 34 CC 2092 номуру Кыргызстандын Стамбулдагы Генконсулдугуна катталганы маалымдалган. Бул окуяга Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурунку башкы консулу Эркин Сопоковдун да аты аталган. Ал ээлеген кызматынан президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен бошотулган. Анын кызматтан алынышы боюнча Тышкы иштер министрлиги  расмий маалымат тараткан. Ал 28-ноябрда Бишкектен кармалып, камакка алынган.

12-ноябрда Түркияда Айэркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалып, экөө Кыргызстандык экенин Түркиянын ММКлары жазганда, биздин Тышкы иштер министрлиги  13-ноябрда “Саймаитини өлтүрдү» деген шек менен кармалгандардын үчөөнүн экөө Кыргызстандык” деген маалымат туура келбесин, алар оозеки гана айтканын, алардын жанында документ жок экенин билдирген. 14-ноябрда, Мамлекеттик каттоо кызматы: “А.Саймаитинин өлүмүнө шектелип кармалган Хусеин Ахметалиев менен Абдулла Энвер Кыргызстандын жарандары эмес жана аларга паспорт берилген эмес”, – деген расмий маалымат тараткан.

16-ноябрда Саймаитинин өлүмүнө шектелип төртүнчү шектүү кармалганы маалымдалган.

22-ноябрда Саймаитинин өлүмүн изилдеп, иликтөөгө Кыргызстан Түркиядан жардам сураган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: