Menu

Видео – Максат Сабиров, ЖК депутаты: “Чет мамлекеттерде окуп, каникулга чыккан кыргыз студенттерин өлкөгө алып келиш керек”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-июнда депутат Максат Сабиров чет мамлекеттерде окуп, каникулга чыккан кыргыз студенттерин өлкөгө кайтарып келүү керектигин Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

“Россиянын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан кыргыз студенттеринин көбү азыр каникулга чыгып жатышат. Чыгып калгандары дагы бар экен. Мисалы Элистадан 50гө жакын студент кайрылып жатат. Андан тышкары Санкт-Петербургда, Сургутта бар экен. Орусияда 16 миңге жакын кыргыз студенттери бар. Алардын каникул убагында учуп келүүсүн колго албасаңыздар, ата-энелери кабатыр болуп жатат. Бул маселе көптөн бери көтөрүлүп, бирок кыймыл болбой жатканын айтышты. Ошондуктан тыштагы окуп жаткан студенттерди алып кетиш керек. Ошондой эле аскер кызматкерлери дагы бар экен. Контракт менен иштеп жүргөн аскер кызматкерлери ошол жака командировкага барып калып калышыптыр. Алар дагы келе албай жатышат. Ошолорду талаага таштабасаңар жакшы болот эле”, – деди депутат.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: