Сокулук районунун акими Аманкан Кенжебаев жакында жакшынакай иштеп жаткан жеринен кызматынан өз арызы менен кеткенде көпчүлүк түшүнбөй калган. Соңку жылдары өздүк каражатынан миллиондорду райондун өсүп-өнүгүшүнө жумшаган экс-акимдин өз арызы менен кеткен кадамына карабай, өкмөткө чейин элдик уулду кызматына коюп берүү талабы менен чыгышмакчы болгону, аларды Кенжебаев өзү сабырдуулукка чакырганы каңкууланган. Өткөн аптада Аманкан мырза Сокулуктагы көпчүлүк аттуу-баштуу, жергиликтүү лидер жигиттерди кафеге сый тамакка чакырып, аким кезинде иштешкендери үчүн ыраазычылык билдирүү менен кызматтан Темир Сариевдин щтабын жетектөө үчүн кеткенин, чоң казатта Темикенин Сокулук району боюнча штабын башкарууга дайындалганын ачыктады. Бул аземге Темике өзү келе албай, бир тууган карындашы келип, Аманканга ак батасын берүү менен кичи мекенибизден эң көп добуш алашыбыз керек таризинде кеңеш айтканы кабарланды. Келген делегаттар да ичтеринен «биздин Сокулук районунда Нарын, Талас облустарына тете шайлоочулар бар, андыктан аламан жарышта Темирди уят кылбайбыз» дешип өз ара күбүрөнүшүп тарашты.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ