Бүгүн, 4-июнда Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда экс-генпрокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлтүрүлгөндүгү боюнча териштирүү иши болду.
Айыпталуучу Асанэмир Абыкулов отурумдун жабык түрдө өтүшүн суранды. Анын адвокаты Икрамидин Айткулов анын өтүнүчүн колдоду. Анын айтымында жабырлануучу тараптын жакындары сот учурундагы териштирүү иштерине тоскоолдук жаратышууда.
Сот Марат Сыдыков иштин акыркы чечими чыкчу стадия экенин айтып, бул өтүнүчтү орундатуудан баш тарткан. Бирок, кийинки соттук отурумда ишке катышы бар адамдарды гана киргизээрин баса белгиледи.
Эске салсак, Улан Саляновду 2017-жылдын 5-ноябрында белгисиз бирөөлөр өлтүрүп, из жашырып кетишкен. Кылмышкерлер анын үйүнөн эч нерсе алышкан эмес. Ал эми шектүү 2017-жылы декабрдын аягында кармалган. Ал буга чейин бир нече жолу соттолгону маалым болгон жана ал Москвада из жашырып жүрүп, Бишкекке 2019-жылдын май айында алынып келинген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ