Menu

Өкмөт мамлекеттик кирешени көбөйтүш үчүн майнинг тармагына салык салууну сунуштайт

Бөлүшүү:

Өкмөт мамлекеттик кирешени көбөйтүш үчүн майнинг тармагына салык салууну сунуштайт. Бул тууралуу 3-июнда парламент жыйында Экономика министрлигинин өкүлдөрү билдирди.

Майнингдин мааниси, атайын түзүлгөн майнер программасы аркылуу (майнер) өз ара байланышкан көптөгөн компьютерлер транзакциялык блоктордун (блокчейн) реестерин жөнгө салууда керек болгон математикалык эсептөө тапшырмаларын аткарат.

Авторлордун пикири боюнча электр энергиясын колдонууда которулган суммаларды текшерүү үчүн атайын майнинг менен иш алып барган компанияларды мыйзамдаштыруу керек. Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча, өлкөдө майнинг тармагында иш алып барууга мүмкүнчүлүгү бар 80 миңдей техникалык түзүмдөр иштейт. Майнинг боюнча иш алып барган 80 миңден ашуун түзүмдөрдүн кирешеси болжол менен айына 913 миллион сомду түзөт. Аны менен катар чыгымдары 228 миллионго жетүүсү мүмкүн.

Депутат Акылбек Жапаров майнингди экономиканын өтө кирешелүү тармагы деп эсептейт жана Улуттук энергетикалык холдингге бул тармакка кийлигишүүгө жол берилбеши керек. Эл депутаты Беларуссиядан үлгү алууну кеңеш кылды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: