Menu

Адыл Жунус уулу, ЖК депутаты: “Манасчы Жусуп Мамайдын аты Бишкектеги көчөлөрдүн бирине берилиши керек эле. Бирок, али бериле элек”

Бөлүшүү:

“Манасчы Жусуп Мамайдын аты Бишкектеги көчөлөрдүн бирине берилиши керек эле. Бирок, али бериле элек”, – деп билдирди бүгүн, 5-июнда депутат Адыл Жунус уулу “Республика-Ата Журт” фракциясынын жыйынында.

“2018-жылы залкар манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына карата демилге көтөрүлүп, аны өкмөттүк комиссиянын баардык мүчөлөрү бир добуштан колдоп, анын айкелин тургузуу жана Бишкектеги бир көчөгө атын берүү боюнча токтом токулган. Сүйүндүргөнү Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын астына Жусуп Мамайдын айкели тургузулду. Бирок ал айкел каралбай, тамгалары түшүп жатат. Ушуга көңүл буруп койсок жакшы болмок. Мындан тышкары, токтомдо жазылгандай анын атын көчөлөдүн бирине бериш керек болчу. Эки жыл өттү. Эки жылдан бери көчө таппай жатабызбы?”,- деп депутат өкмөттүн өкүлүнөн сурады.

Буга Өкмөттүн өкүлү Алмасбек Абытов Жусуп Мамайдын аты Бишкектеги көчөгө коюлганын, бирок расмий ачылышы боло электигин билдирди.

“Бул маселе чечилди. Бишкек шаарынын мэриясы атайын токтом бекитип, манасчы Жусуп Мамайдын аты Бишкектеги Кытай мамлекетинин элчилигинин имараты жайгашкан көчөгө коюлду. Азыркы учурда ачылуу аземи боло элек. Себеби шарт боюнча ал жака табличкаларды коюп чыгыш керек. Мына ушундан кийин ачылуу аземи болот. Мэриядан сизди ушул маселени колдогон адам катары чакырууну суранам”,- деди Абытов.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: