Menu

Видео – Жанар Акаев: “Чала сабат парламент, билимсиз бирок бай адамдар элита болуп, өлкөнү саздан алып чыгабы? Биз жалаң таза, мамлекетте жеп-ичпегендер (Сариев, Текебаев, Момбеков – ред.) чогулуп жатабыз”

Бөлүшүү:

“Азыр Кыргызстанда көп саясатчылар бийлиги күчтүүлөргө, анан байлыгы күчтүүлөргө кошулуп жатышат. Бирок мен ушул жерде турган саясый лидерлерге чоң ыракмат айтат элем. Силер ушундай тарыхый учурда элдин таламын талашкан, адилеттүүлүк, калыстык, чындык үчүн күрөшкөн саясый топко кошулуп, ошол кадамга барганыңар – бул өзү азыр болобу же кийин болобу тарых өз баасын бере турган мындай баатырдык”, – деп билдирди 5-июнда экс-КСДПчы депутат Жанар Акаев жыйында Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев жетектеген “Ата-Мекен Жаңы дем” оппозициялык блогуна кошулуп жатып.

“Азыр Кыргызстан абдан кыйын кырдаалдын алдында турат. Мына, мамлекеттик карызыбыз 4,5 млрд доллардан ашты. Акыркы айларда эле жарым миллиард доллар сырттан карыз алдык. Ал эми 2023-жылдан тартып аны төлөө мөөнөтү кескин күчөйт. Бирок, биздин чала сабат парламент, билимсиз бирок бай адамдар келип, элита болуп, ошолор биздин өлкөнү ушундай кырдаалдан, саздан алып чыга алабы? Албетте жок! Мына ушундай кырдаалда билимдүү, ошол эле убакта баскан жолу таза, 30 жылдап саясатта жүргөн тажрыйбалуу инсандар менен жаңыдан чыккан он миңдеген прогрессивдүү жаштар бир муштумга биригип, чоогу барып, ушундай чоң кыйынчылыктарды жеңишибиз керек деп ойлойм… Парламентке барып, кубаттуу өкмөттү курган, элге жакын, калыс, адилеттүү бийликти түптөсөңөр экен деген элдин каалоосу бар. Биздин арабызда жалаң таза, мамлекетти жеп-ичпеген (Сариев, Текебаев, Момбеков – ред.) керек болсо кустура турган адамдар чогулуп жатабыз. Биз Кыргызстанда кубаттуу парламент, кубаттуу өкмөт курабыз”, – деди Жанар Акаев

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: