Menu

Бүгүн ырчы Анжелика Сыдымандын сотуна катышат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 8-июнда ырчы Анжелика Сыдымандын сотуна катышат. Бул тууралуу кечээ, 7-июнда ал Инстаграмдагы өздүк баракчасы аркылуу билдирди.

“Инилерибиз, балдарыбыз бар. Алар дагы ката жасашат, оңолушат. Бул жашоо эмеспи. Бири-бирибизди сыйлайлы, урматтайлы. Сыдыман баарына мисал болду. Бирок эскертүү ирээтинде администрациялык жоопко тартылып, эркинен ажырабасын. Бүгүн сот экен. Колдоо ирээтинде мен дагы сотуна барам. Колдойм деген инсандар келгиле. Ош жергесиндеги досторум, жакындарым “Кечирдик” деп пост чыгарып, кечиримдүү болуп коюңуздар. Мен эне катары сиздерден суранам. 22 жаштагы баланын 6 жыл өмүрү темир тор артында өтпөй, биздин арабызда, элге жакшы иштерди жасап өтсүн”, – деди ырчы Анжелика.

Эскерте кетсек, блогер быйыл февраль айында өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынган. Кийин өзү жаңылганын мойнуна алып, кечирим сураган. 18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган. Ага Жазык кодексинин 313-беренеси “Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу” боюнча айып коюлган. Ишти Бишкектин Октябрь райондук соту карап жатат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: