Menu

КР Президентине кайрылуу – Салидат Рыскулова: Бишкектин вице-мэри Алмаз Бакетаев жана УКМКчы Чыңгыз Айманбаев тергөө аяктагынча кызматтарынан четтетилсин

Бөлүшүү:

КР Президенти С.Ш. Жээнбековго

Бишкек шаарынын пенсионери Рыскулова Салидаттан

(Бишкек ш. Түп көчөсү -454. Тел: 0559 056109)

 Кайрылуу

Урматтуу Президент!

2020-жылдын 26-май күнү кечки саат 20:00 чамасында Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов көчөсүнүн 93/1 үйүнүн алдында УКМКнын мурда адам өлтүрүү фактысы боюнча  соттолуп жүргөн кызматкери Чынгыз Айманбаевдин 12 жаштагы Элдар аттуу уулу менен Бишкек шаарынын  вице-мэри Алмаз Бакетаевдин 12  жаштагы Натан аттуу уулу экөөлөп, менин 7 жаштагы неберем Аланды уруп коюшат. Айманбаев менен Бакетаевдин уулдары дос, классташ жана биздин короонун “атамандары” экен. Өзүнөн кичүү балдарга зомбулук көрсөтүп, уруп-согуп, беттерине түкүрүп, велосипеддерин сындырып, такыр күн көрсөтүшпөгөн, тарбиясыз, тежик балдар экен.

Үйгө ыйлап келген баласын ээрчитип келиним Ширин Санжарова сыртка чыкса тиги Айманбаев менен Бакетаевдин балдары “үйүң кайсы, апаң ким?” деген суроолорго жооп бербей, “апам жок” деп каяша айтып, тилденишкенинен кулагынан чоюп, опузалап, кайра үйгө кирген.

Саат 21:30 чамасында менин уулум, 7 жаштагы таяк жеген неберем Аландын атасы Чынгыз Молдокеев жумуштан  келет. Ошол учурда анын кайната-кайненеси да алыскы сапардан келип калышкандыктан келиним Ширин менен уулум  Чынгыз Молдокеев короодогу дүкөндү көздөй жөнөшөт.

Бирок алар квартирасынан чыгары менен подъездде күтүп турган  УКМКнын кызматкери Чынгыз Айманбаев 3 досу, аялы, эжелери жана Бишкек шаарынын вице-мэри Алмаз Бакетаев менен биригип, кол салышып, зөөкүрлүк менен сабашкан.  Натыйжда уулум оор абалда ооруканага жаткырылган. Бүгүн уулум  улуттук ооруканада коляска менен кыймылдап, дарыланууда.

Айманбаев менен Бакетаевдер бул кылмышка алдын-ала даярданышканынын белгиси катары – алар уулум Чынгыз Молдокеевди атайын видеокамера орнотулбаган жерде күтүп туруп, капыстан тобу менен кол салышкандыгын айтууга болот.  Азыр Бакетаев “мен кокустан эле чыгып калып, мушташкандарды ажыраттым” деп жанын жеп, калп айтып жатат. “Кактус” сайтына эң биринчи берген интервьюсунда ал балдарынын мушташы тууралу жумуштан келери менен билгенин моюнга алган. Кийин башка ММКларга берген маектеринде “билбегем, кийин билдим” деп тана баштады.

Менин уулум менен келиним Чынгыз Молдокеев менен Ширин Санжарова подъездге чыгары менен олбурлуу келген УКМКнын кызматкери Чынгыз Айманбаев : “ты отец?” деп сурап, бирок жообун күтпөй эле менин уулума кол салып, бет талаштыра уруп жиберген. Чалкасынан кулап түшкөн уулумду төртөөлөп тепкилеше баштаган. Ал эми Айманбаевдин аялы менен эжелери, үч аял болушуп, менин келинимди ортого алып, жулмалап киришкен. Бир учурда УКМКчы Чынгыз Айманбаев бычак сууруп чыгып, менин уулумду “соём!” деп калганда Чынгыз Айманбаевдин өзүнүн эжеси коркуп кетип, инисине чуркап, анын колунан бычакты алууга аракет кылганда иниси Чынгыз Айманбаев түртүп жиберип, эжеси кулап түшкөн.  Алтургай бычагынын учу тийип да кеткен. Ошол учурда ордунан тура калган уулум качканга аракет кылганда вице-мэр Алмаз Бакетаев эки бутунан кучактай бекем кармап, качырбай УКМКчы Чынгыз Айманбаевге сабоого ыңгайлаштырып, кармап берген. Коңшулар көбөйүп, менин уулумду ажыратышканда, сыртка качып бараткан уулум Чынгыз Молдокеевди  вице-мэр Алмаз Бакетаев артынан бөйрөк талаштыра уруп калган.

Сыртка качып чыккан уулум 20 метрдей аралыкка басып барып, эс-учун жоготуп кулап түшкөн. Анын артынан чыккан Чынгыз Айманбаев жерде олтурган уулум Чынгыз Молдокеевди башка тээп жыккан.  Бул жерде видеокамералар болгон, бирок мушташтын эртеси вице-мэр Алмаз Бакетаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өз билемдик менен ал видеожазууларды алдырып, кескилеп, монтаждап, керексиз жерлерин алып салып , анан мэриянын атынан журналисттерге тараткан.

Мушташ болуп жатканда менин келиним Ширин Санжарова вице-мэр Алмаз Бакетаевден “милиция чакырыңыз” деп жалынып суранса да ал чакырбай койгон. Кийин коңшулар чакырган милиция келсе Алмаз Бакетаев менен Чынгыз Айманбаев кызмат абалдарынан пайдаланып:  “Эч ким арыз жазбайт, биз сүйлөшүп алдык” деп Чынгыз Молдокеев менен Ширин Санжаровадан арыз алдырбай, милицияны кетирип жиберишкен. Милиция келерден мурун менин уулумду эки адам эки колтугунан көтөрүп, үйгө алып кетишкен, ал эми келиним келген милицияга дароо эле “арыз жазам” деп билдирген.  Ошол учурда келинимдин эмчектеги баласы чырылдап ыйлай баштагынан баласына чуркап кетсе Бакетаев менен Айманбаев тездик менен милицияны артка кетирип салышкан.

26-май күнү Бишкек шаардык 4-травматологиялык ооруканага түшкөн менин уулумду сабоодон катуу жаракат алган пациент катары алгач жакшы карап жатышкан. Анан УКМКчы Чынгыз Айманбаевдин  достору жана вице-мэр Бакетаевдин басымынан кийин 4-травматологиялык оорукананын мамилеси кескин өзгөрүп, менин уулум сакая электе эле чыгып кетүүнү талап кыла башташты.

2-июнда уулумду улуттук ооруканага алып келип көрсөтсөм, алар “тез дарыланууга жаткырыңыз” дегенинен жаткырганбыз. Бир күндөн кийин Чынгыз Айманбаевдин адвокаты келип, врачтарды коркутуп, Айманбаевдин эжеси Саламаттыкты сактоо министрлигине арыз жазып, министрлик врачтарды чакырып, басым жасап, ооруканадан чыгарасын деп  уулумду дарылатпай жатышат. Ошол эле учурда рентген уулумдун омурткасына жарака кеткенин көрсөтүп, өзү коляска менен гана жылып калды. Мээси чайкалганы, бөйрөгү сокку жегени жана башка жаракаттары толук дарыланбай калды.

Урматтуу Президент!

1.Биринчиден, жаңжалдын баары УКМКнын кызматкери Чынгыз Айманбаев менен Бишкектин вице-мэри Алмаз Бакетаевдин 12 жашар балдары биздин короодогу жаш жеткинчектерге “атамандык” кылып, зордук көрсөтүп, менин 7 жашар неберемди сабашканынан чыкты.

2.Экинчиден, эгер Бишкектин вице-мэри Алмаз Бакетаев менен УКМКнын кызматкери Чынгыз Айманбаев менин келиним Ширин Санжарованын реакциясын мыйзамсыз деп ойлошсо анда мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштеген Бакетаев менен Айманбаев бандиттерче барып, менин уулум менен келинимди сабашпай, үлгү көрсөтүп, мыйзам чегинде укук коргоо органдарына кайрылыш керек болчу. Булардын бандиттерче “разборка” жасаганын өзү – бул кылмыш.

3.Үчүнчүдөн, УКМКнын кызматкери эки досу жана аялы, эжелери менен башка үйдөн 1-блоктон менин уулум жашаган үйгө, 5-блокко басып кирип келип, тобу менен менин уул-келинимди жалгыздап бөлүп сабап жатышат. Менин уул-келиним алар жашаган үйгө “разборка” кылып барган жок, УКМКнын кызматкери досторун, аялын, эжелерин ээрчитип алып, топтошуп менин уулум жашаган үйгө “разборкага” келип сабап жатышы – бул кылмыш.

4.Төртүнчүдөн, вице-мэр Алмаз Бакетаевдин милицияны чакырбагандыгы, башкалар чакырганда келген милицияны “эч ким арыз жазбайт, сүйлөшүп алдык” деп алдап кетирип жибергени – бул кылмыш. Бакетаев башынан эле кылмышты жашырууга, жаап салууга аракет кылып жатат. Мамлекеттик чоң жооптуу кызматта иштеген адам кылмышты жаап-жашырууга аракет кылбай тескерисинче мыйзам түрүндө чечилишине аракет кылыш керек эле. Мындай деңгээлде үлгү көрсөткөн адам борбор шаардын вице-мэри болуп иштөөгө моралдык укугу барбы?

5.Бешинчиден, вице-мэр Алмаз Бакетаев мушташтын эртеси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мушташ болгон жердеги көчө видеокамералардын жазуусун өз билемдик менен алдырып, анын керексиз жерлерин кескилеп алып салып, монтаждап, мэриянын атынан элге таратканы – бул кылмыш. Видеокамерадагы жазууларды тергөө органдары гана расмий тартипте эки жактын өкүлдөрүнүн, күбөлөрдүн катышуусунда алыш керек болчу. Бакетаев бул жерде да кылмышты жаап-жашырууга аракет кылып жатат. Бул кылмышына да мыйзам алдында жооп берүүсү керек.

6.Алтынчыдан, Бакетаев менен Айманбаев өздөрүнүн мамлекеттик чоң кызмат ордуларынан пайдаланып, ооруканалардагы врачтарга басым жасап, менин уулум Чынгыз Молдокеевди толук кандуу дарылатпай жатышат.

7.Жетинчиден, биздин короодогу балдарды терроризировать  этип, атаман болуп, өзүнөн алда канча кичүү  бөбөктөрдү уруп-согуп, беттерине түкүрүп, велосипеддерин сындырып кордогон Айманбаевдин жана Бакетаевдин балдарына да укуктук жактан чаралар көрүлсүн. Жашы жете электердин инспекциясы каттоого алып, жаш балдарды алардын кордоосунан коргоо чаралары көрүлушү зарыл.

Урматтуу Президент!

Менин сизге кайрылуумдун себеби – биз буга чейин кайрылган инстанциялар вице-мэр Алмаз Бакетаев менен УКМКнын кызматкери Чынгыз Айманбаевди тартипке чакыра албай жатышат. Алар кызмат ордуларынан кыянаттык менен пайдаланып, тергөөнүн жүрүшүнө жана менин уулум Чынгыз Молдокеевдин толук кандуу дарыланышына бут тосуп, мыйзамдардын аткарылышына каршылык көрсөтүшүүдө. Ошондуктан мыйзам адилеттүү аткарылышы үчүн менин уулумду сабаган мамлекеттик кызматкерлер Бакетаев менен Айманбаев тергөө аяктагынча кызматтан четтетилип турулушун суранам.  Конституциянын гаранты катары Президент мага окшогон пенсионерлердин да укугун коргоп берет деп ишенем.

Урматым менен Бишкек шаарынын тургуну, пенсионер Салидат Рыскулова

07.06.2020.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: