Menu

Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты жумалыгы старт алды

Бөлүшүү:

Кечээ, 8-июнда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасында “Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты” жумалыгынын расмий ачылышы жана Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналып даярдалган көргөзмөнүн ачылышы болду.

Ага  Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, Күлүйпа Кондучалованын кызы Ирина Оролбаева, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мундузбек Тентимишев, китепкана директору Жылдыз Бакашова жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Жуманын расмий ачылышында Күлүйпа Кондучалованын кыргыз маданиятынын өнүгүп -өсүшүнө кошкон салымы тууралуу айтылып, легендарлуу Маданият министринин басып өткөн жолуна  токтолушту.
Эске салсак, Маданият министрлиги тарабынан демилгеленген “Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты” жумалыгы 15 -июнга чейин уланат. Анда мамлекеттик жана коомдук ишмердин маданият тармагына жасап кеткен иштери тармактарга бөлүнүп, ар бир күн өзүнчө темага арналып, алар социалдык медиа жана массалык маалымат каражаттары аркылуу берилип турат.

Ошондой эле, жумалыктын алгачкы күнүндө  “Күлүйпа Кондучалова жана улуттук мурас, кыргыз адабияты жана китеп дүйнөсү” темасына арналып, КТРКнын “Маданият. Тарых. Тил” каналы жана министрликтин фейсбуктагы баракчасы аркылуу түз берилди. Көрсөтүүгө Кыргыз Республикасынын Эл акыны, жазуучу Меңди Мамазаирова, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген белгилүү ишмерлери Жумалы Момункулов жана Мундузбек Тентимишовдер  катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: