Menu

Нур-Султанда көп балалуу энелер «үнсүз» нааразылык акциясын өткөрүштү

Бөлүшүү:

8-июнда Нур-Султан шаарында Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин алдында жыйырмага жакын көп балалуу эне «үнсүз» нааразылык акциясын өткөрүштү.

Алар кызыл түс менен «Х» тамгасы түшүрүлгөн беткаптарды тагынып, ар бир балага 21 миң теңгеден (50 долларга жакын) төлөп берүү жана турак-жай менен камсыз кылуу өңдүү талаптар жазылган кагаздарды кармап алышкан: «Ижарага турак-жай берилсин!», «Муктаж үй-бүлөлөрдүн насыялары кечилсин», «Ачкачылык жарыялайбыз!», «Мажбурлап эмдетүүгө каршыбыз!»

Чогулгандардын алдына чыккан калаа башчынын орун басары сүйлөшүү үчүн аларды акимчиликтин алдындагы үй-бүлөнү колдоо борборуна кирүүнү сунуштады. Бирок акция катышуучулары буга макул болушкан жок.

Жыл башынан бери Казакстандын шаарларында көп балалуу энелер нааразылык акцияларын өткөрүп, даректүү социалдык жардам берүүнүн мурдагы форматына кайтууну талап кылып келишет. Ага ылайык, жалпы кирешени үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө бөлгөндө жашоо минимумунан 70% аз болсо, үй-бүлөдөгү ар бир балага 21 миң теңгеден берилиши керек болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: