Бүгүн, 9-июнда эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова саркеч көйнөк кийген сүрөттөрүн Инстаграмдагы баракчасына жүктөдү.
“Бул фотосессия былтыртан бери пландаштырылып келген. Натыйжасы үчүн абдан кубанычтамын. Галина мыкты фотограф. Ал менен иштешүү өтө ыңгайлуу. Бул сүрөт менин жагымдуу эскерүүлөрүмдүн катарына кирет”, – деп билдирүү калтырган Тыныбекова.
Сүрөттү көргөн соцтармактын колдонуучулары суктануу менен карап, балбан кызга жакшы каалоо-тилектерди айтышууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ