Menu

Улуттук гвардияда кызмат кылгандар арасынан коронавирус табылып, Москвага парадга бара албай калышты

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Улуттук гвардиясынды кызмат кылгандар арасынан коронавирус табылды. Бул тууралуу 12-июнда Башкы штабдын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева билдирди, бирок так санын айткан жок.

Анын айтымында, ооруп калгандар менен чогуу кызмат кылгандардын баары обсервацияга алынды.

Жарашева белгилегендей, түзүлгөн абалга байланыштуу Москвадагы парадга мурда пландалган аскердик бөлүк эмес, башкасы бармай болуп жатат:

“Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын камсыздоо бөлүмүнүн аскер кызматкерлеринин арасынан коронавирус жуккан бир нече адам катталды. Улуттук гвардиянын ардак кароол ротасы Москвада 24-июнда өтө турган Жеңиш парадына катышмак. Оору алардан табылган жок. Бирок, ошентсе да, илдеттин жайылышын алдын алуу максатында биз парадга резервдеги бөлүм барат деп чечтик”.

Басма сөз катчысынын айтымында, жалпысынан Москвага 75 жоокер барат деп пландалып жаткан, ошончо эле санда жөнөтүлөт.

Жалпысынан 18-марттан 12-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2166 адамдан табылды, алардын ичинен 26 бейтап кайтыш болду, 1668 бейтап айыгып кетти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: