Menu

ЖАМК экс-бажычы Эмилбек Кимсановду сабаган видеотасма “фейк” болушу мүмкүн дейт

Бөлүшүү:

Адвокат Назгүл Сүйүнбаева жарыялаган Эмилбек Кимсановдун сабалган видеосу “фейк” болушу мүмкүн. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, видеонун ылдамдыгын жайлатып караганда, ал жай Кимсанов кармалган мекемеге окшош эмес. Видеодо тараптардын жүздөрү көрүнгөн эмес.

“Эмилбек Кимсанов Бишкек шаарындагы №1 тергөө изоляторуна үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде келген, ал жерде Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайынан келген дагы 3 адам менен карантин камерасында отурган.  Кимсанов 4-апрелде түшүнүк кат жазып, анда ал башка камактагылар менен эч кандай конфликт жок экендигин жана адвокатынын коркунучка кабылып жатат деген билдирүүсүнө макул эместигин билдирген. Медициналык кароодон өтүп, керектүү процедуралардан кийин, ал башка камерага которулган” – деп айтылат маалыматта.

Бирок, 10-апрелде Э.Кимсанов тергөө изоляторунун администрациясына аны контингенттин көпчүлүгүнөн бөлүп салуу өтүнүчү менен кайрылып, эртеси башка камерага өзүнчө жайгаштырылган.

Буга чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Эмилбек Кимсанов өзү Бишкек шаарынын №1 тергөө изоляторуна текшерүү менен келген инспекторлор менен сүйлөшүүдө Назгүл Сүйүнбаеванын адвокаты эмес экендигин жана ал аны менен эч качан жолуккан эместигин айтканын билдирген.

Назгүл Сүйүнбаева Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жооп жазып,  февраль айынан баштап, Эмилбек Кимсановго карата мурда козголгон кылмыш иши кайрадан башталгандан бери иш алып бара жатканын жазган.

“Эгер мен адвокат болбосом, ушул жылдын май айынын аягында СИЗО-1ге барып, кардарым менен жолугат белем?” – деген адвокат.

“Телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Назгүл Сүйүнбаева кызматташуудан баш тартып, бул күмөндүү видео анда жана кандай шартта пайда болгону тууралуу суроолорго жооп берген эмес. Квалификациялуу юрист жана адвокат катары ал мамлекеттик, көзөмөлдөөчү жана башка органдарга кайрылуунун укуктук ыкмалары жана формалары бар экендигин билиши керек”- деп белгилейт ЖАМК.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын 2020-жылдын 1-июнундагы токтомунун негизинде, Э.Кимсанов Бишкек шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына 2020-жылдын 5-июнунда которулуп, ал жерде 11-июнга чейин кармалган. 8-июнда прокурордун кайрылуусунун негизинде, Биринчи май райондук сотунун чечими менен мурдагы бажы кызматкери Бишкектин убактылуу кармоочу жайынан 11-июнда СИЗО-50гө которулган, ал жерде мурдагы укук коргоо органынын кызматкери менен өзүнчө камерада кармалган.

Белгилей кетсек, ИИМ Эмилбек Кимсанов 2018-жылы Чүйдө мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин уулун токмоктоо боюнча шек саналып, аларга издөө жарыяланганын маалымдаган. Кимсанов 20-февралда Россиянын Санкт-Петербург шаарында кармалып, бир сутка ичинде Кыргызстанга алынып келинген. 22-февралда Биринчи май райондук соту аны жаш балдары бар экенин эске алып, бөгөт чарасын үй камагына алмаштырган чечим чыгарган. Анын адвокатынын айтымы боюнча, ошол учурда, белгисиз себептерден улам, тергөөчү алмаштырылган, бирок алар билген эмес, Кимсанов Бишкекке келгенде Ички иштер министрлиги тарабынан күч менен кармалган, ИИМ Кимсановду камакка алуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Эмилбек Кимсановду Биринчи май райондук соту 31-мартта камакка алганы, учурда ал Бишкектеги №1 тергөө абагында экени белгилүү.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: