Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Жыйында “Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралууда.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Исхак Пирматовдун айтымында, 2020-жылдын 3 айында эле 2500дөн ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактылары катталган.
“Ички иштер министрлигинин расмий берген статистикасына ылайык, 5 жылдын ичинде эле өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук фактылары 3 эсе көбөйгөн. 2013-жылы 2500 факты катталган болсо, 2018-жылы 7200 деген санга жеткен. Ал эми 2020-жылдын 3 айында эле 2500дөн ашык факты катталды. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 65 пайызга көбүрөөк”, – деди депутат Пирматов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ