Ата-энеси тарбиялап, турмушка берип, келин-кыздарга дөңгөлөктөрдү байлап, ур-токмокко алып, видеотасмага тарткан бул өтө жаман иштердин бири. Ошондуктан келин-кыздарга мыйзам иштеш керек. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков билдирди.
Ошондой эле, ал жыйында аялдар тарабынан зомбулук көрсөтүлгөн учурлар катталабы деген суроону узатты.
“Расмий статистикага ылайык, 2018-жылдын жыйынтыгы менен эркектер тарабынан жасалган 4808 зомбулук жасалган. “Алардын 4232си жубайларына, 136 балдарына, 119 ата-энелерине, 319 башка туугандарына карата зомбулук жасалган. Ал эми аялдар тарабынан 417 факты катталган. Алардын 158и күйөөлөрүнө карата жасалган”, – деди депутат Исхак Пирматов.
Белгилей кетсек, бул жыйында “Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ