Menu

2026-жылга чейин калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү программасы бекитилди

Бөлүшүү:

2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү программасы бекитилди. тиешелүү токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынды.

Көрсөтүлгөн Программа Кыргызстандын калкынын ченемдик сапаттагы ичүүчү суу менен камсыздалышын жогорулатууга, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу системаларын куруу, реконструкциялоо жана модернизациялоо жолу менен республиканын калкынын ден соолугун жана жашоо сапатын жакшыртууга, айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирди азайтууга багытталган.

Программада суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу, негизги көйгөйлөрдү чечүү, кызыкдар министрликтердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын перспективдүү багыттарын, милдеттерин жана функцияларын аныктоо каралган.

715 айылда суу менен камсыздоо тутумдарын республикалык бюджеттин жана эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен куруу пландалууда. Бул Программанын иш-чараларын 2023-жылга карата аяктоо күтүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: