Бишкек шаардык мэриясынын аппаратынын кызматкеринде коронавирус табылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда шаардык мэриянын аппаратынын башчысы Балбак Түлөбаев журналисттерге билдирди.
Анын айтымы боюнча, кызматкерлердин бири жөтөлүп баштаганда, тест тапшырган. Жөтөлдөн башка оорунун белгилери жок. Тапшырган тесттин анализи оң натыйжа көрсөттү, эми дагы экинчи анализдин жыйынтыктарын күтүп жатышат.
Ал ошондой эле, бардык кызматкерлер коронавируска анализ тапшырганын, бирок жыйынтыктары чыга электигин билдирди.
“Ар бир бөлүмгө бир кызматкерден калтырдык. Калгандары анализдеринин жыйынтыктарды алуу үчүн үйлөрүнө жөнөтүлдү. Имаратта дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп жатабыз” – деп билдирди Балбак Түлөбаев.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 2789 адамдан коронавирус табылган. 1961 бейтап ооруну жеңип, ооруканалардан чыгарылган. 32 жаран илдеттен улам каза болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ