Menu

«Бай-Түшүм» банкынын Ош облусундагы кеңселеринин биринде иштеген кызматкер коронавирус жуктуруп алды

Бөлүшүү:

“Бай-Түшүм” банкынын кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу аталган банктан билдиришти.

Алардын айтымында, Ош облусундагы банктын мекемесинин кызматкеринен COVID-19 коронавирустук инфекциясы табылган. Кызматкер кардарлар менен эч кандай байланышта болгон эмес. Ал учурда обсервацияда, аны менен контакта болгон кызматкерлер карантинге жөнөтүлдү.

Учурда, банктын кеңсеси дезинфекциялоо жана карантиндин бардык талаптарын сактоо боюнча иш-чаралар көрүлгөнгө чейин жабык.

“Бай-Түшүм” банкы пандемия башталгандан бери кардарлардын жана кызматкерлердин ден-соолугун сактоону уюштуруу үчүн бардык чараларды көрүүдө. Банк дезинфекциялоону үзгүлтүксүз жүргүзүп турат жана кеңселерде антисептикалык каражаттар орнотулуп, бет кап режими киргизилген.

Белгилей кетсек, бүгүн, 19-июнга карата Кыргызстанда 132 адамдан коронавирус илдети табылды. Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 2789га жетти. Ал эми айыккандардын саны 1961 болсо, илдеттен улам каза болгондор 32.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: