Menu

Кой-Таш окуясы боюнча сотто Кундуз Жолдубаева өзүнө коюлган айыптоолорду танып жатат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-июнда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум улантылды. Процесс жабык эшик артында өтүп жатат.

Маалыматтарга ылайык, соттук отурумда мамлекеттик айыптоо КСДПнын активдүү мүчөсү Кундуз Жолдубаевага коюлган айыптоолорду жарыялады.

Кундуз Жолдубаева прокурорлор тарабынан коюлган жети берененин бирине да күнөөсүн мойнуна алган жок.

Коюлган айыптар:

– Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу;

– Кылмыштын уюштуруучусу же аны жүзөгө ашырууну жетектеген адам – ​​мамлекетти басып алуу максатында барымтага алуу жана туткундоо;

–  Массалык башаламандыкты уюштуруу- кылмышты уюштуруучу же аны жетектөөчү;

– Адамдардын тобу тарабынан алдын-ала түзүлгөн келишим боюнча курал-жарак жана ок-дарыларды уурдоо;

– Тергөө органынын кызматкеринин ден-соолугу үчүн коркунуч жаратуу;

– Тергөөчүнүн ишине ар кандай түрдө кийлигишүү, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө тоскоолдук кылуу;

– Бийлик өкүлүнө каршы зомбулук көрсөтүү же өмүрү жана ден-соолугу үчүн коркунучтуу зомбулук көрсөтүү.

Кундуз Жолдубаев бүгүнкү сот жараянында ага коюлган бардык айыптоолорду абсурд деп атады.

“Прокуратура мага оор жана өзгөчө оор 7 берене боюнча айып коюп жатат. Алардын бирине да мен күнөөлүү эмесмин” – деп билдирди Жолдубаева.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: