Академик Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылды, бирок кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жазага тартылган жок.
Белгилей кетсек, буга чейин прокурорлор Калыбек Качкыналиевди Батукаевди мыйзамсыз бошотууга катышканы үчүн 13 жылга кесип, үй-мүлкүн конфискациялоону суранган.
Ал эми дарыгер Абдухалим Раимжановду 13 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоону, наамдарынан ажыратууну суранган.
Эсиңиздерге сала кетсек, 2006-жылы бир нече адамды өлтүрүүгө айыпталып, 16 жылга абакка кесилген кримтөбөл Азиз Батукаевди 2013-жылы Алмаз Атамбаев баштаган 18 адам коррупциялык жол менен (чоң суммадагы акча алышып) жаза мөөнөтүн бүтөрүнө дагы 8 жыл калганына карабай, “кандын айыккыс рак оорусу менен ооруйт” деп мыйзамсыз абактан чыгарып жиберишкен. Өлкөдө ызы-чуу чыгып, парламент комиссия түзүп, депутаттар Батукаев мыйзамдарды одоно бузуу менен мыйзамсыз абактан чыгарылган деген бүтүмгө келишкен. Бирок ал кезде президент Атамбаев болгондуктан кылмыш иши козголбой туруп калган. Качан гана Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин, 2019-жылы январда бул иш ордунан жылып, кылмыш иши иликтенип, октябрда сотко өткөрүлгөн. Ал 2013-жылы ЖАМКнын ошол кездеги төрагасынын кеңешчиси, полковник Калыбек Качкыналиев бул коррупциялык кылмышка катышып, кримтөбөл Батукаевди “Манас” аэропортунан учуп кеткенге чейин коопсуздугун камсыз кылып, узатып жүргөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ