Menu

Экс-мэрлер боюнча сотто Кубанычбек Кулматов акыркы сөзүн сүйлөдү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-июнда Бишкек шаардык сотунда борбор калаанын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдордун иши боюнча айыпталуучулардын адвокаттарынын апелляциялык арызын кароо улантылды.

Жарыш сөздө Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов акыркы сөзүн сүйлөп, буга чейин соттордун өкүмүнө ишенип келгенин билдирди.

“Сот өкүм чыгаргандан кийин, бул чындыгында күнөөлүү дегенди билдирет. Көрсө, мен ишенчээк баладай болгон экенмин. Тилекке каршы, мен атамдын тагдырын кайталадым. Кийинчерээк ага президент болууну сунуш кылышкан, бирок ал баш тарткан” – деп билдирди Кулматов.

Кулматов судьяга кайрылып, алар чыгарган чечими менен “жашай турганын” белгиледи.

Ошондой эле, ал өз сөзүндө сот отурумуна катышкандардын бардыгына, ошондой эле айыпталуучуларга, анын пикири боюнча “бул абсурддун күбөлөрү” болгон адамдарга ыраазычылык билдирди.

“Мен “күнөөлүү эмесмин” дегенден башка эч нерсе айтпайм. Ата-энем тирүү кезинде мен да тирүүмүн. Ошондой эле Кулматов деген фамилияны бир дагы долларга алмаштырган эмесмин” – деп сөзүн жыйынтыктады экс-мэр.

Белгилей кетсек, Кубанычбек Кулматов “Бишкектеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга бөлүнгөн 2 миллион долларды максатсыз пайдаланып, жемкорлукка барган” деп айыпталган. Былтыр, 23-декабрда, Ленин райондук сотунда экс-мэрлерге байланыштуу сот отуруму уланып, Кубанычбек Кулматовго 5 млн сом айып пул салуу менен сот залынан бошотулуп, эркиндикке чыккан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 70 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: