Menu

Төлөгөн Наралиев, Апрель баатыры: “Рыскелди Момбеков мурун КСДПнын – Атамбаевдин “кукласы” болчу, эми аны Текебаев “Ата-Мекендин” “кукласы” кылып пайдаланганы жатат”

Бөлүшүү:

“Рыскелди Момбеков тууралуу менин да айта турган сөзүм бар. Ал өзү башынан эле бирөөлөрдүн көлөкөсүндө жүргөн бир пенде болчу. Момбеков негизи коомго, жаштарга үлгү боло турган адам эмес”, – деп билдирди бүгүн, 24-июнда Таластан Апрель баатыры, экс-аким, Атамбаевчил КСДПнын мурунку облустук координатору Төлөгөн Наралиев.

“Рыскелди Алмаз Атамбаевдин аркасы менен кокусунан депутат болуп калган. Биз убагында Алмаз Атамбаевге бул боюнча “татыксыз адамды депутат кылдыңыз” деп нааразы болгонбуз. Ошондо Алмаз Атамбаев бизге: ”Мен силерди “боткого” аралаштыргым  келбейт, аны аралаштыра берсе болот” деп айтты эле. “Боткосун” эми түшүнүп, бизге  жакшы кеңеш берген экен деп калабыз”, – деди Апрель баатыры Төлөгөн Наралиев.

“Момбеков бул “кукла, артист”. Парламентке жаңы депутаттар келиши керек. Кыргыз эли ошол жөнүндө көбүрөөк ойлонушубуз керек”, деп айтты кечээ Бакай-Ата районунан Апрель баатыры, Атамбаевсиз КСДПнын Талас облусу боюнча координатору Адылбек Көчөркулов. Ал экөөбүз КСДПнын эки башка, бири-бирине карама-каршы канаттарында болгонубузга карабай Рыскелди Момбеков боюнча мен анын ушул пикирине кошулам. Анткени Рыскелди Момбеков мурун Алмаз Атамбаевдин КСДПдагы “кукласы” болчу, ал аны каалагандай пайдаланчу, эми Атамбаев камалып калгандан кийин аны Текебаев атамекендин “кукласы” кылып пайдаланганы жатат. Бирок эми азыр Талас эли муну түшүнүп калды, Текебаевдин “кукласы” катары Момбековго эч ким добуш бербейт”, – деди Апрель баатыры Төлөгөн Наралиев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: