Menu

Толгонай Стамалиева да, Дмитрий Песков да туура айтышыптыр

Бөлүшүү:

30-июнда Россиянын Президенти Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусу пландалган эместигин Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Журналисттер Песковго Владимир Путиндин жана ардактуу коноктордун бири Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда ачыла турган Ржев районундагы эстеликтин ачылыш аземин жылдыруу каралып жатабы деп суроо узатышкан.

“Жок, андай эч нерсе пландалган эмес. Мындай план жок болчу. 30-июнда Ржев районунда совет жоокерине арналган эстелик ачылары чын. Президент бул иш-чарага катышууну пландап жатат. Бул өтө маанилүү эстелик, мемориал” – деп жооп берди.

Белгилей кетек, президент Сооронбай Жээнбековду Москвага коштоп барган делегация мүчөлөрүнөн коронавирус аныкталгандыктан, өлкө башчы 24-июндагы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышпоо чечимин кабыл алган.

Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын делегациясы Москва шаарынан Бишкекке чыккан.

Андан кийин Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева: “Буга чейин пландаштырылган график боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясына кийинки иш сапары ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата Россия тараптын чакыруусу менен 30-июнга белгиленген” – деп билдирген эле.

Биз бул боюнча комментарий берүүнү суранып кайрылганыбызда Толгонай Стамалиева: “мен деле, Песков деле туура эле айтканбыз, анткени мен ал билдирүүмдө жолугушуу жөнүндө айткан эмесмин, Песковго суроо берген журналист ошондой түшүнүп, ага жолугушуу тууралу суроо бериптир”, деп жооп берди Стамалиева.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: