Menu

Ошто “положенец” криминалдык статусуна ээ уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Т.И. каракчылык менен кол салуу фактысы боюнча кармалды

Бөлүшүү:

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иштин натыйжасында, январь айында Ош шаарында катталган каракчылык менен кол салууга тиешеси бар дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 11-январь күнү болжол менен 03:30 чамасында Ош шаардык ИИБдин “Ак-Буура” шаардык милиция бөлүмүнө шаардык ооруканадан маалымат келип түшүп, анда белгисиз адамдар кол салып, денесинен жаракаттарды алган бейтап түшкөндүгү маалымдалган. Окуя болгон жерге ички иштер органдарынын кызматкерлери келишип, жабырлануучунун өздүгүн аныктап, ал Ош шаарынын жашоочусу, 1989-жылы туулган Р.У. аттуу жаран болуп чыккан.

Алынган маалымат боюнча, болжол менен түнкү саат 02:00 чамаларында жаран Р.У. өзүнүн “Тайота-Камри” үлгүсүндөгү автоунаасы менен келе жатканда “Народный” дүкөнүнүн жанынан белгисиз адамдар жээкке токтоттурууга белсенишкен. Белгисиз автоунаадан бир нече адам чыгып келишип, кол салышкан. “Тайота” автоунаасынын айдоочусун жерге кулатып, буттары менен тепкилешкендиктен, жаак тараптын үч жеринен сынык алган. Кылмышкерлер анын капчыгын, травматикалык тапанчасын алып белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкен. Аталган факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүмүнүн 3-пункту (Каракчылык) менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

Бир аздан кийин милиция кызматкерлери тарабынан аталган каракчылыкка шектүү делип үч жаран, анын ичинде УКТнын активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган “Казак” каймана аты менен белгилүү У.М. кармалган.
Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жогорудагы бардык кармалган жарандардын коомго коркунуч келтирген укукка жат аракеттерди жасоого тиешеси бардыгы аныкталган. Топтолгон материал кийинки териштирүү үчүн сотко жөнөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандардын кайда жүргөндүгүн аныктоого жана кармоого багытталган тергөө иш-аракеттери менен ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүгүзүүнү улантышкан.

2020-жылдын 24-июнь күнү ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын учурунда каракчылык менен кол салууга тиешеси бар дагы бир шериги кармалды. Кармалган жаран Ош облусунун Өзгөн районунун 1986-жылы туулган Т.И. дагы кылмыш жасоого шектелип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын маалыматы боюнча жаран Т.И. мурда соттолгон. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат жана “положенец” криминалдык статуска ээ.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды дагы кармоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: