Балыкчы шаардык соту 28 жаштагы Б.Ж. ыйгарым укуктарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.
Тергөөнүн версиясы боюнча, 20636 аскер бөлүгүнүн капитаны катардагы жоокер Ж.З. постто уктап жатканын көрүп, жоокерди иш бөлмөсүнө чакырган. Ал жерден жоокер эңкейгенде капитан анын көзүнө тепкен.
Сот процесси учурунда капитан күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Жабыркаган жокер айыпталуучуга каршы эч кандай доосу жок экенин билдирген.
“Соттук-медициналык экспертиза жоокерден көздүн контузиясын аныктаган. Анын ден соолугуна жеңил жаракат келтирилген”- деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ