Menu

БШК жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындады

Бөлүшүү:

Кечээ, 26-июнда БШКнын отурумунда коронавирус пандемиясынын кесепетинен өзгөчө кырдаалга байланыштуу убактылуу токтотулган 4 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын 2020-жылдын 29-июлунан баштап шайлоону кайрадан баштоо жөнүндө токтом кабыл алды.

Добуш берүү күндөрү:

– 2020-ж. 30-июнь, саат 09:00дөн 12:00гө чейин – Ысык-Көлдүн Түп районундагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;

– 2020-жылдын 1-июлу, саат 09.00дөн 12.00гө чейин – Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо;

– 2020-жылдын 13-июлу, саат 09.00дөн 12.00гө чейин – Нарын облусунун Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;

– 2020-жылдын 15-июлу, саат 09.00дөн 12.00гө чейин – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Логвиненковка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо.

Мындан тышкары, жаңы бош жумуш орундарынын пайда болушуна байланыштуу, 2020-жылдын 17-июлунда (саат 09.00дөн 12.00гө чейин) айыл өкмөтүнүн 4 башчысын шайлоо белгиленди:

– Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Жар айыл өкмөтү,

– Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтү,

– Чүй облусунун Чүй районундагы Ибраимовка айыл өкмөтү,

– Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Толук айыл өкмөтү.

БШКнын токтомуна ылайык Түп, Кара-Суу, Кочкор, Ысык-Ата, Ат-Башы, Сокулук, Чүй жана Токтогул аймактык шайлоо комиссиялары аймактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо жана жарандардын ден-соолугун коргоо боюнча бардык чараларды көрүшөт:

– добуш берүүчү жайларды дезинфекциялоого;

– белгилерди орнотуп, шайлоо процессинин катышуучуларынын ортосунда 1,5-2 метр аралыктын сакталышын камсыз кылуу;

– кире бериште жана шайлоо бюллетендерин берүүчү жерде санитайзерлерди орнотуу;

– шайлоо процессинин катышуучуларынын дене табын текшерүү;

– шайлоо процессинин катышуучуларына бир жолу колдонуучу бет каптарды жана кол каптарды берүү;

– колдонулган материалдарды жана объектилерди дезинфекциялоо.

БШКнын аппараттарына керектүү материалдарды (бет кап, кол кап жана санитайзерлер) берүүгө жардам берүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын жана шаар мэрлерин шайлоону жергиликтүү кеңештердин депутаттары өткөрөт. Шайлоого 11ден 31ге чейин жергиликтүү кеңештердин депутаттары катышкандыгын жана добуш берүү убактысы 3 саат болгондуктан, шайлоого катышкандардын ортосунда аралыктын сакталышына ж.б. шарттарды түзсө болот. Шайлоону аймактык шайлоо комиссиялары өткөрөт. Алгоритмге ылайык, шайлоонун бардык катышуучулары жеке коргонуу шаймандары менен камсыз болушат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: