Menu

Өзгөчө абал режиминде иштеген милиция кызматкерлерине 218 млн сом бөлүндү

Бөлүшүү:

Каржы министрлиги, өкмөттүн буйругуна ылайык, өзгөчө абал режими учурунда иштеген милиция кызматкерлерине кошумча акча төлөөгө 218 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Такталгандай, Ички иштер министрлигине 209 миллион сом, ал эми ИИМдин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы академиясына 9 миллион сом каралган.

Белгилей кетсек, Бишкектеги милиция кызматкерлери өзгөчө абал учурунда берилүүчү акчалары берилбегенине нааразы болуп жатканы айтылган. Төрт райондун участкалык милиция кызматкерлери талап кылынган кошумча төлөмдөрдү төлөп бербегендиктен ишке чыгуудан баш тартышкандыгы тууралуу маалымат тараган. Кийинчерээк Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы бул маалыматтарды жокко чыгарган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: