Menu

Премьер-министр Кубатбек Боронов: Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда жергиликтүү компанияларга артыкчылык берилет

Бөлүшүү:

Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда жергиликтүү компанияларга артыкчылык берилет. Бул Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновдун пикиринде, жергиликтүү товар өндүрүүчүлөрдү колдоого карай багытталган кадам болуп саналат.

«Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамына киргизилген акыркы өзгөртүүлөр атамекендик өндүрүүчүлөр үчүн көбүрөөк мүмкүндүк ачууга шарт түзөт. Көптөгөн товарлар жана тейлөөлөр чет өлкөдөн тапшырык аркылуу алынбастан, биздин өлкөдө сатылып алынат. Мурда мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда импорттук товарлардын көлөмү көп болгон. Учурда жергиликтүү өндүрүүчүлөр утушка ээ болушмакчы», – деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Премьер-министр кеңешменин катышуучуларынын көңүлүн мамлекеттик сатып алууларга бөлүнгөн каражаттардын 70% жакыны башка өлкөлөргө кетип тургандыгына бурду.

«Жыл сайын жүргүзүлгөн мамлекеттик сатып алуулардын көлөмү 60-70 млрд сомду түзөт. Анын ичинен болгону 30% гана жергиликтүү компаниялардын үлүшүнө туура келет. Бирок тескеричинче болушу керек. Чет элдик компаниялар атамекендик компаниялар тийиштүү тейлөөнү, же жумушчу күчүн сунуштай албаган учурда гана тартылышы керек. Биз мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы абалды өзгөртүүгө умтулуудабыз», – деп жыйынтыктады Өкмөт башчы.

Премьер-министр Кубатбек Боронов мамлекеттик сатып алуу процедураларынын ачык-айкындыгын жакшыртуу жана аны өркүндөтүүнүн механизмдерин тыкыр карап чыгып, мамлекеттик сатып алуулар тутумун толук талдоого алуу милдетин койду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: