Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эки тараптуу пневмония менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 30-июнда билдирди.
Такталгандай, кечээ, 29-июнда Алмазбек Атамбаев ден-соолугу начарлап жатканын айткан, андан коронавирусту аныктоочу ПЧР-тест алынган. Тесттин жыйынтыгы терс болуп чыккан.
“Ошол эле күнү дарыгерлер онлайн-консилиум өткөрүп, мурдагы президентке “эки тараптуу пневмония” деген диагноз коюлган. Дарыгерлер Алмазбек Атамбаевди стационардык дарылоо үчүн ооруканага которуу чечимин кабыл алышты” – деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ