Menu

Бишкекте эгиз балдарды жарык дүйнөгө алып келген 27 жаштагы келин төрөт үйүнөн COVID-19дан улам каза болду

Бөлүшүү:

Бишкектеги №2 төрөт үйүндө каза болгон 27 жаштагы келинде пневмония болгон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин башкы гинекологу Раиса Асылбашева журналисттерге билдирди.

Анын айтымы боюнча, ал аял төрөт үйүнүн обсервациясына коронавирустук инфекциянын белгилери (жөтөл, дене табынын көтөрүлүшү) менен кайрылган.

27 жаштагы келин кесерова жолу менен 34-35 аптада (8 айлык) эгиз балдарды жарык дүйнөгө алып келген. Операциядан кийин анда пневмония өөрчүп, дарыгерлер анын өмүрүн сактай албай калышкан. Ал бешинчи суткада өпкөнүн жетишсиздигинен улам көз жумган.

Каза болгон келиндин ымыркайлары №4 төрөт үйүндөгү ара төрөлгөн наристелер үчүн бөлүмдө жатышат.

Белгилей кетсек, өткөн суткада коронавирустан улам 5 бейтап каза болгон. Илдетти жеңе албай, жан берген жарандардын саны 57ге жетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: