Menu

Видео – Камчыбек Жолдошбаев эң алгачкы капиталын кантип жыйнаган?

Бөлүшүү:

1973-жылы алыскы Ат-Башыда мектепти жаңы эле аяктап, кара күчкө толуп турган 17 жаштагы Камчыбек Жолдошбаев мектептеги мыкты спортсмендердин бири катары Фрунзе шаарына келип, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтуна тапшырат.

Жаш кез “иш десе ишке, аш десе ашка тойбой турган” учур эмес пи, Камчыбек Жолдошбаев курсташтарынын чакыруусу менен сабактан бош учурларында Пишпек жүк түшүрүүчү темир жол станциясына барышат. Ал жердин эрежеси боюнча бир 60 тонналык вагондогу көмүрдү түшүргөн топко 60 рубль төлөнөт экен. 10 студент биригип, бир вагонду түшүрүп, алышкан 60 рублди 6 рубль бөлүп алып тарап кетишет. Ал кезде рублдин кубаты күчтүү болуп, студентке 6 рубль бир канча убакытка жетчи. Бир айына 60 рубль айлык алган мамлекеттик кызматкерлер да көп болчу. Ал эми советтик “Жигули” автоунаанын баасы 6 миң рубль болор эле.

Кара күчкө толуп жер чапчып турган тоолук спортчу балбан Камчыбек Жолдошбаев байкап көрсө бир вагон көмүрдү өзү эле кыйналбай түшүрүп койчудай. Анан күчүн сынамакка өзү жалгыз 1 вагон түшүрүп, күн сайын 60 рубль акча ала баштайт. Сабагынан бош учурда вагон түшүрүп, иштеп Камчыке кара күч жана маңдай тери менен байый баштайт. Алгач студент кезинде эле Фрунзеден үй, андан кийин “Жигули” автоунаасын сатып алат. Алгачкы капиталын жыйнай баштайт.

1978-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун мыкты бүтүрүп, Фрунзедеги педагогикалык институтка дене тарбия сабагынан мугалимдикке кабыл алынып, 10 жыл үзүрлүү эмгектенет.

Ал аңгыча Кыргызстан көз карандысыздыгын жарыялап, өз алдынча мамлекет болуп, ишкердикке кеңири жол ачылат. Камчыке бизнесин көмүрдөн баштоону чечип, топтоп жүргөн каражатын салып, Кара-Кеченин Беш-Сары шахтасын кура баштайт. “Кара алтын” менен кошо Камчыбек Жолдошбаев маңдай тери менен милллионер болот.

1999-2002-жылдары Камчыбек Жолдошбаев Ат-Башы районуна 100 миллион сом каражатка 10 чакырым узундукта бетон каналды өз күчү менен салып берет. Андан бери 20 жылга жакын убакыт өтсө да, канал бүгүнкү күнгө чейин өз кызматын аткарып, 6 миң гектар жерди суугарып, жергиликтүү тургундардын керегине жарап келе жатат. Ал каналдан келген суу менен суугарылган жерден тургундар жыл сайын 500 миң боо чөп жыйнап алат. Бир боо чөп азыр базарда орточо эсеп менен 200 сомдон сатылат, анын баарын сатканда жалпысынан 100 миллион сом болот. Ошондо Камчыбек Жолдошбаевдин каналы жыл сайын атбашылыктарга чөптөн эле 100 млн сом киреше берет. Картөшкө, эгин, бак сыяктуу калган дыйканчылыктын тармактарын айтпай эле коёлу.

2005-2015-жылдары Камчыбек Жолдошбаев КР Жогорку Кеңешине депутаттыкка шайланат.

2018-жылы Камчыбек Жолдошбаев Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылына спорттук аянтчасы, компьютердик классы, 1 гектар жери бар, наркы 200 миллион сомдон ашкан жаңы мектепти белек кылды.

2020-жылы 19-мартта Камчыбек Жолдошбаев Кыргызстанда эң биринчи болуп коронавируска каршы күрөшкө 1 миллион сом бөлүп которуп берди.

Ошентип Камчыбек Жолдошбаев эл керегине жарап, элдин уулу болуп, элине кызмат кылып, эли ага ишеним көрсөтүп, кайра-кайра депутаттыкка шайлап келе жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: