Menu

Түркмөнстанда чет өлкөдө жүргөн активисттердин туугандарына басым болууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын Мары облусунда туугандары чет өлкөдө жүргөн жарандар полиция бөлүмдөрүнө чакырылып, жакындары оппозициялык кыймылдардын акцияларына катышпоосу керектиги эскертилүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын айтымында, туугандары чет өлкөдө иштеп же окуп жүргөн жергиликтүү тургундардын тизмеси түзүлүп, алар менен маектешүүлөр өткөрүлүүдө.

«Жашоочулар менен маектешкен адамдар өздөрүн акимчиликтин кызматкери катары тааныштырып жатышат. Чынында алар Улуттук коопсуздук министрлигинин аймактык башкармалыгында иштешет», — деди кабарчы.

Бул боюнча Мары облустук акимчилигинен, Улуттук коопсуздук министрлигинин аймактык бөлүмүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Июнь айында Түркияда, Түндүк Кипрде, АКШнын Вашингтон, Нью-Йорк жана Питсбург шаарларында жашаган түркмөнстандыктар президент Гурбангулы Бердымухамедовдун отставкасын талап кылып бир нече акцияларды өткөрүшкөн. Алардын акыркысы 26-июнда Стамбулда, 28-июнда Вашингтон менен Нью-Йоркто өткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: