Menu

Жалал-Абад шаарында коронавируска каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Бөлүшүү:

Жалал-Абад ШИИБи тарабынан шаар аймагында коронавирус илдетинин алдын алуу багытында иш пландары түзүлүп, анын алкагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Милиция кызматкерлери автоунаалардагы санитардык эрежелердин сакталышын көзөмөлгө алышты. Коомдук транспорт жана такси айдоочуларына жарандарды унаага салууда бет кабы жокторду чыгарбоо керектиги айтылды. Өздөрү жеке гигиенаны сактоо менен антисептикалык каражаттарды колдонуп, унаа салонуна көп адам салбоо зарылдыгы эскертилди.

Ошондой эле кийим жана жашылча саткан базарлар, тигүү цехтери, ашканалар текшерүүгө алынып, жугуштуу илдеттин күн санап көбөйүп
жатканын эске алуу менен санитардык нормаларды жана жеке гигиенаны сактоо керектиги жеткирилди. Милиция кызматкерлери сатуучуларды жарандар менен болгон мамиледе этият болууга чакырышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: