Москвалык юрист Вадим Захаряев пандемия учурунда кыргыздардын биримдигине таң калды. Ал мындай пикирин Facebook социалдык тармагындагы баракчасында жарыялады.
“Мен кыргыз элинин ушул оор мезгилде жасаган иш-аракеттерине таң калдым. Бардык адамдар биригишип, ар бири колунан келишинче жардам берип жатат. Кимдир бирөө обсервация үчүн жай бөлүп, стационарлрды ачса, кээ бири тамак-аш даярдап же даяр тамак-аш сатып алат, башкалары дары-дармектерди жана жеке коргонуу шаймандарын сатып алышат, башкалары ушунун бардыгын арзаныраак баада издеп таап, материалдарды жеткирүү боюнча маселелерин чечишет. Айрымдары атүгүл кычкылтек концентраторлорун, дары-дармектерди бекер беришет. Анын үстүнө, ушул оор мезгилде кайсы өлкөдө гана болбосун 100 сомдон баштап 100 миң сомго чейин чогултуп жатышат” – деп жазган Вадим Захаряев.
Ал кыргыз элинин мындай ынтымагы, биримдиги менен келечеги кең экендигин кошумчалады.
“Эгерде бүгүн мыкты иш жасаган адамдар эртең мамлекеттик органдарга барышса, анда мамлекеттин келечеги болот. Антпесе эч нерсе өзгөрбөйт” – дейт Вадим Захаряев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ