Видео – Ассоль Молдокматова кримтөбөл Камчы Көлбаевге Чолпон-Атадагы ооруканага жардам бергени үчүн ыраазычылык билдирип, Бабановду Таласка жардам берүүгө чакырды
Видео – Ассоль Молдокматова кримтөбөл Камчы Көлбаевге Чолпон-Атадагы ооруканага жардам бергени үчүн ыраазычылык билдирип, Бабановду Таласка жардам берүүгө чакырды
Белгилүү теле алып баруучу Ассоль Молдокматова кримтөбөл Камчы Көлбаевге Чолпон-Атадагы ооруканага жардам бергени үчүн ыраазычылык билдирди. Ал билдирүүсүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялаган.
“Кечээ эле Чолпон-Ата аймактык ооруканасына кычкылтек концентраторлору, штативдер, керебеттер, матрацтар, шейшептер, төшөктөр керек болуп жаткан. Мен Камчы Көлбаевге кайрылдым. Бүгүнкү күндө бардыгы ташылып келинди. Алар: 10 кычкылтек концентратору, 30 пульсоксиметр, 20 керебет матрацтары менен, 30 штатив”, – деди Молдоакматова.
Ассоль Молдокматова Камчы Көлбаевди “кыргыз элинин чыныгы уулу” деп атап, терең ыраазычылыгын билдирди. Ошону менен катар Молдоакматова бизнесмен Өмүрбек Бабановду Таластын ооруканасына жардам берүүгө чакырды.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ