Menu

Дастан Жумабеков: “Депутаттар 200 миң сомдон эмгек өргүү акысын алды деген маалымат чындыкка дал келбейт”

Бөлүшүү:

Социалдык тармактарда жайкы каникулга кеткен Жогорку Кеңештин депутаттарынын 200 миң сом өлчөмүндө эмгек өргүү акы алганы жөнүндө маалымат тарап, кызуу талкууланып жаткан учуру. Парламенттин спикери Дастан Жумабеков бул маалыматка комментарий берди.

Ал белгилегендей, Жогорку Кеңештин депутаттары Эмгек кодексинин негизинде эмгек акы алышат. Ошентип, төрага 30 миң сом, вице-спикерлер 27 миң сом, депутаттар 25,5 миң сомдон айлык акы алышат. Эмгек кодексинин негизинде эмгек өргүүсүнүн өлчөмү айлык акыдан ашпайт.

“СССРдин мезгилиндегидей ЖКнын аппаратынын депутаттары жана кызматкерлери айлык маянасын алуу үчүн кассада кезек күтүп турушпайт. Анткени акча алардын банктык карталарына которулган. Ошондуктан, Facebook социалдык тармагынын бир колдонуучусунун “кимдир бирөө депутаттардын кассадан 200 миң сомдон алып жатканын көргөн” деген сөздөрү чындыкка коошпойт” – деп билдирди Дастан Жумабеков.

Ошондой эле төрага мамлекеттик кызматкерлердин маянасы алардын стажына жараша болорун эскертти. Мамлекеттик кызматта өмүр бою иштеп келе жаткан адистер бар, алардын маянасы жогору. Бирок алар 200 миң сом алышпайт. Депутаттардын жана ЖК аппаратынын кызматкерлеринин маянасы башка мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин айлык акысынан ашпайт.

Кошумча төлөмдөр боюнча, депутаттар республикалык бюджеттин чыгымдарын, анын ичинде Жогорку Кеңештин чыгымдарын кыскартууга добуш беришти.

“Быйыл мамлекеттик сатып алууларды, иш сапарларды жана оңдоолорду каржылоо болбой” – деп билдирди төрага.

Ал ошондой эле, өзү эс алууга кете электигин, эмгек өргүү акысын алган эместигин кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: