Бишкек шаарынын прокуратурасынын ага прокурору Эрмек Төрөкулов жана Башкы прокуратуранын ыкчам-издөө иш-аракеттерин көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору Рустам Кожобеков пневмониядан көз жумду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Эрмек Төрөкулов 50 жашта болчу. Ал 1996-жылы сентябрда КР прокуратура органдарында кызматын баштаган, ушул күнгө чейин ал ар кандай кызматтарды аркалап келген.
Эрмек Эржанович компетенттүү, ишенимдүү, өмүрүн Ата Мекенге кызмат кылууга арнаган адам болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ