Бүгүн, 14-июлга карата Кыргызстанда дагы 421 адамдан коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарында – 176, Чүй облусунда – 87, Ош шаарында – 58, Ош облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 31, Жалал-Абад облусунда – 40, Нарын облусунда – 1, Баткен облусунда – 21, Талас – облусунда – 1 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 11538ге жетти. Анын ичинде:
– Жалал-Абад облусунда — 682 адам;
– Ош облусунда — 699 адам;
– Ош шаарында — 1112 адам;
– Бишкек шаарында— 5282 адам;
– Нарын облусунда — 653 адам;
– Чүй облусунда — 2052 адам,
– Баткен облусунда — 355 адам;
– Талас облусунда – 95 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 368 адам.
– Чет өлкөлөрдөн келген жарандар – 240 адам.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен айыккан 109 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 4995ке жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 48 адам; Чүй облусунан – 23, Ош шаарынан – 2, Ош облусунан – 5, Жалал-Абад облусунан – 8, Нарын облусунан – 14, Баткен облусунан – 5 адам, Ысык-Көл облусунан – 4.
Өткөн сутка ичинде 2 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Жайыл аймактык ооруканасынан – 58 жаштагы эркек киши, 67 жаштагы аял киши көз жумду.
Жалпы каза болгондордун саны 149га жетти.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ