Menu

Кубатбек Боронов: “Эл аралык донорлордон келген каражаттарды “чоңдор жеп жатат” деген маалыматтар чындыкка дал келбейт”

Бөлүшүү:

Финансылык жардамдарды “чоңдор жеп жатат” деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымында, бардык донордук каражаттар бюджетке түшөт, андан кийин өлкөнүн муктаждыктарына, анын ичинде медициналык шаймандарды, тез жардам унааларын жана башка көптөгөн нерселерди сатып алууга жумшалат.

“Донорлордон келген акча каражаттары эмне үчүн пенсияга, айлык маянага ж.б. берилип жатат деген суроолор берилип жатат. Чет элдик донорлор берген каражаттар 3-4 багыт менен келет. Бул түздөн-түз коронавирус менен күрөшүү үчүн гана эмес, анын кесепетин жоюу, коронавирустун кесепетинен пайда болгон кыйынчылыктарга жардам берүү багытында келет. Коронавирустун айынан бюджетке 13 миллиардга жакын акча каражаты түшпөй калды” – деп билдирди өкмөт башчы.

Пандемиядан улам бюджеттин тартыштыгы байкалууда. Ушул кыскартуулардын негизинде донорлор менен бюджетти колдоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул шартта каражаттын кайда багытталышы сүйлөшүлөт” – деп белгиледи премьер-министр. 

“Ар кандай багытта алынган 400 миллион доллардын бардыгы көзөмөлдө. Бул акчаны аткаминерлер ысырап кылды деген айыптоолор негизсиз” – деп билдирди Кубатбек Боронов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: